30-октябрда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун ант берүү аземи болду

30 октябрь 2020 12:55 1299 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жаңы шайланган президент Эмомали Рахмондун инаугурациясы бүгүн,  30-октябрда, Тажикстанда өттү. Салтанат Тажикстан мамлекеттик телеканалынан түз эфирде көрсөтүлдү.

Ант берүү аземи “Кохи Сомон”  комплексинде өттү.

Конституциялык сотунун төрагасы Абдулхафиз Ашурзода Рахмонго мамлекет башчысынын символу - Тажикстандын президентинин төш белгисин тапшырды.

Ал эми, Тажикстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын башчысы Бахтиёр Худоерзода ага президенттин күбөлүгүн тапшырды.

Эскерте кетсек, Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрда өткөн. Учурдагы лидерди шайлоочулардын 90% дан ашыгы колдогон.

Добуш берүүгө ЕККУнун, КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын, КМШнын аткаруу комитетинин, ШКУнун, ошондой эле, Россия менен Өзбекстандын 122 эл аралык байкоочулары катышкан.

Шайлоого катышкан беш талапкердин төртөө 8% дан төмөн упай топтогон.

Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келе жатат.


Ссылка: https://barometr.kg/30-oktyabrda-tazhikstandyn-prezidenti-emomali-rahmondun-ant-ber-azemi-boldu



Добавить комментарий