30-октябрда, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун ант берүү аземи болду
Жаңы шайланган президент Эмомали Рахмондун инаугурациясы бүгүн, 30-октябрда, Тажикстанда өттү. Салтанат Тажикстан мамлекеттик телеканалынан түз эфирде көрсөтүлдү.
Ант берүү аземи “Кохи Сомон” комплексинде өттү.
Конституциялык сотунун төрагасы Абдулхафиз Ашурзода Рахмонго мамлекет башчысынын символу - Тажикстандын президентинин төш белгисин тапшырды.
Ал эми, Тажикстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын башчысы Бахтиёр Худоерзода ага президенттин күбөлүгүн тапшырды.
Эскерте кетсек, Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрда өткөн. Учурдагы лидерди шайлоочулардын 90% дан ашыгы колдогон.
Добуш берүүгө ЕККУнун, КМШ парламенттер аралык ассамблеясынын, КМШнын аткаруу комитетинин, ШКУнун, ошондой эле, Россия менен Өзбекстандын 122 эл аралык байкоочулары катышкан.
Шайлоого катышкан беш талапкердин төртөө 8% дан төмөн упай топтогон.
Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келе жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/30-oktyabrda-tazhikstandyn-prezidenti-emomali-rahmondun-ant-ber-azemi-boldu
Добавить комментарий ×