3-июнда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен жаан жаайт, Бишкекте күн ачык

3 июнь 2021 08:52 2007 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

3-июнда Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарына өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолорунда кар жаашы мүмкүн.

Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борборунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. 

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында +30… +35°;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +32… +37°;

Ысык-Көл облусунда +23… +28°;

Нарын облусунда +23… +28°;

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +33… +35°.

Ссылка: https://barometr.kg/3-iyunda-kyrgyzstanda-mezgil-mezgili-menen-zhaan-zhaajt-bishkekte-kn-achyk



Добавить комментарий