27 жаштагы жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кетти

25 февраль 2019 10:55 1306 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бишкектин Түштүк магистраль жагынан жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп кетишти. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, окуя кечээ 24-февралда  түнкү саат 23:00  чамасында катталган. Анда 27 жаштагы Н.Д. аттуу жаранды А. Токомбаев атындагы көчөдөн Фольксваген-Гольф-5 үлгүсүндөгү унаасы менен күн батыш тарапты көздөй бара жаткан айдоочу сүзүп алган. Жаракат алган жаран ооруканага жеткирилгени менен каза болуп калган"-деп билдирет басма сөз кызматы.

Кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө жиберилди. 

Ссылка: https://barometr.kg/27-zhashtagy-zh-zhrgnchn-ltr-szp-ketti



Добавить комментарий