Россияда 26 жаштагы Тажикстандык жаран эне-баланы өлтүрүп, 6 жашар кызды бычактап кеткен

9 ноябрь 2020 16:34 1283 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москва облусунун Солнечногорск районунда Плеханов атындагы Россиянын Экономикалык Университетинин доценти  1976-жылы туулган Виктория Борковская деген аялды жана анын энесин мыкаачылык менен өлтүрүүгө Тажикстандан барган мигрантты жалдаган. Бул тууралуу "Московский комсомолец" жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип, Тажикстандын 26 жаштагы Жасуржон Усмонов аттуу жараны изделүүдө.

Буга чейин, Тергөө комитети 7-ноябрда Солнечногорск шаардык округунда 1953-жылы жана 1976-жылы туулган эки аялдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүн жарыялаган. Алардын денелеринде ар кандай жаракаттын издери бар экендигин билдирген. Ошондой эле, үйдөн бир нече жолу бычактан жаракат алган алты жаштагы кыз табылган. Бала ооруканага жаткырылган. Киши өлтүрүү боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, кылмышка шектелип, Тажикстандын 26 жаштагы Жасуржон Усмонов аттуу жараны изделүүдө.

Белгилүү болгондой, маркум мугалим  курулуш иштерин жасатууга Тажикстандан барган мигрант Усмоновду жалдаган. Кылмышкер мурда каракчылык үчүн соттолгону маалым болду.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, ишемби күнү Усмонов менен үйдүн кожоюнунун ортосунда эсептешүү жүрүшү керек болчу. Эсептөө процессинде чыр чыккан болушу мүмкүн. Киши өлтүргөндөн кийин кылмышкер деп шектелген адам үйдөгү бардык баалуу буюмдарды алып, дайынсыз жоголгон.

Борковскаянын алты жаштагы кызы саат 21:30 чамасында апасынын телефонунан досунун номерин терүүгө үлгүргөн. Ыйлап жаткан кыз тай энеси менен энеси кансырап жаткандыгын, өзү да жарадар болгонун айтып, бинт алып келүүнү суранган. Борковскаянын таанышы дароо полицияны жана тез жардамды чакырган.

Тергөөчүлөр Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш ишин козгогон. 

Ссылка: https://barometr.kg/26-zhashtagy-tazhikstandyk-zharan-rossiyadan-enesi-menen-kyzyn-ltrp-6-zhashar-kyzdy-bychaktap-ketken



Добавить комментарий