26 жаштагы аял каза таап, бирок эки айдан соң уул төрөдү

1 апрель 2019 12:42 7222 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Португалиялык дарыгерлер 26 жаштагы Катарина Секейра каза тапкандан кийин анын наристесин сактап калышты.Сальвадор аттуу уул энеси каза тапкандан кийин эки айдан соң жарык дүйнөгө келди, анын салмагы 1,7 кг”,-деп жазды  The Sun булагы. 

Катарина 19 апта кош бойлуу кезде астма оорусу кармап бейтапканага жаткырылган. Бирок абалы начарлап, комага түшүп калган. Өткөн жылы 26-декабрда ал каза тапкан.

Дарыгерлер жасалма дем алдыруучу аппараттан аялды өчүрүшкөн эмес, алар наристени сактап калууга аракет кылышкан. 32 аптада жагдай кыйындай баштаган, дарыгерлер тез арада кесарево оперциясын жасашкан.

Сальвадор апасы ооруканада каза тапкандан кийин төрөлгөн дүйнөдөгү алгачкы ымыркай болуп калды.

Учурда баланы атасы багып жатат, ден соолугунда бир аз кемчиликтер бар, анткени апасынын акыркы эки айдагы абалы ага таасир берген.Ошентсе да жашап кетүүгө толук мүмкүндүгү бар.

Ссылка: https://barometr.kg/26-zhashtagy-ayal-kaza-taap-birok-eki-ajdan-so-uul-trd



Добавить комментарий