26-октябрда өлкө боюнча күн ачык болот
Бөлүшүү:
26-октябрда өлкө боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй менен Талас өрөөндөрүндө +19…+24 градус, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20…+25, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +13…+18 градус жылуу болот.
Ал эми Бишкек менен Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +23…+25 градус жылуу болору айтылды.
Ссылка: https://barometr.kg/26-oktyabrda-lk-boyuncha-kn-achyk-bolot
Добавить комментарий ×