26-мартта Кыргызстанын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт
26-мартта Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында маал-маалы менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +13…+18 °;
Талас облусунда +13…+18 °;
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +14…+19 °;
Ысык-Көл облусунда +11…+16 °;
Нарын облусунада +10…+15 °.
Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы +14…+16 ° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/26-martta-kyrgyzstanyn-kpchlk-ajmaktarynda-zhaan-zhaajt
Добавить комментарий ×