Дем алышта аба ырайы кандай болот

24 январь 2020 14:56 1499 Barometr
Бөлүшүү:
ok

25-январда түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

26-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

27-январда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында  жаан-чачын күтүлбөйт. Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 25-январда күндүз жана 26-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

28-январда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында,   Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда  кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

29-январда  түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда  жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 28-январда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

30-31-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз жогорулайт

Ссылка: https://barometr.kg/25-29-yanvarlarda-kandaj-aba-yrajy-bolot



Добавить комментарий