23-апрель: мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт
23-апрелде Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, бийик тоолуу райондордо кар түшөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18,
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 12...17,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 6...11, күндүз 16...21,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 14...19,
Нарын аймагында түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20,
Бийлик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8 градус болот.
Бишкек шаарында булут каптап турат. Абанын температурасы түнкүсүн 5...7, күндүз 15...17 градус болот.
Ссылка: https://barometr.kg/23-aprel-mezgil-mezgili-menen-zhamgyr-zhaajt
Добавить комментарий ×