Инженерлер жана айдоочулар 2020-жылы эң көп суроо-талапка ээ болгон кесип деп табылды

15 декабрь 2020 14:19 1665 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сатуу боюнча менеджерлер, инженерлер жана айдоочулар 2020-жылы эң көп суроо-талапка ээ болгон кесиптердин катарына кирди. Бул тууралуу 15-декабрда Россиянын HeadHunter сайтына жарыяланган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Эксперттер жыл ичинде HeadHunter сайтына жумуш берүүчүлөр жарыялаган бош жумуш орундарын талдап чыгышты. Изилдөөнүн жүрүшүндө кесиптердин аталыштарындагы синонимдер эске алынды.

Алдыңкы 3 орундан тышкары, эң көп талап кылынган кесиптердин катарына дарыгерлер, бухгалтерлер, эсеп менеджерлери, токарлар, соода өкүлдөрү, слесарлар жана сатуу боюнча консультанттар кирди.

Демек, биринчи орунду сатуу боюнча менеджерлер ээлесе, экинчи орунда инженерлер турат. Ошондой эле,  бухгалтерлер жана айдоочулар, программисттер жана кардарларды тейлөө боюнча менеджерлер, ошондой эле юристтер, ашпозчулар, сатуучу-кассирлер да эң көп талап кылынган кесиптердин катарына кирди.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-e-kp-talap-kylyngan-kesipteri-anyktaldy



Добавить комментарий