28-июнга чейин туруксуз аба ырайы күтүлүүдө. Сел жүрүү ыктымалдыгы жогору
Республика боюнча туруксуз аба ырыйы кутүлүп, тоолуу райондордо сел жүрүу ыктымалдыгы жогорулады. Бул тууралуу «Барометрге» ӨКМдин басма сөз кызматы.
26-июнда күндүз жана 27-28-июндарда Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
27-июнда күндүз жана 28-июнда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Айрым жерлерде мөндүр жаашынын ыктымалы бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы кескин төмөндөп:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8-13°, күндүз 20-25°
Талас облусунда түнкүсүн 7-12°, күндүз 20-25°
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 12-17°, күндүз 25-30°
Ысык-Көл ойдуңунда жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 6-11°, күндүз 15-20° жылуу болот.
Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-26-28-iyununa-chejin-turuksuz-aba-yrajy-ktlt
Добавить комментарий ×