Роспотребнадзор 10 миң адамга тест-система комплектисин сунуштады

23 март 2020 12:24 1146 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылып кетпөөсүнө каршы чара көрүү максатында жасалган иштердин жыйынтыгы боюнча жана КР менен РФ ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү колдоо алкагында, россиялык тарап гуманитардык жардам катары калкта коронавирусту аныктоочу тест-системалардын бир нече партиясын Кыргызстанга жөнөттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Маалымат Департаменти билдирди.

2020-жылдын 3-мартынан 15-мартына чейинки убакыт аралыгында 7600 медициналык тест-система жардам иретинде жөнөтүлгөн.

2020-жылдын 21-мартында Роспотребнадзор 10 миң адамга тест-система комплектисин сунуштады.

КРнын РФдагы Элчилиги РФнын Өкмөтүнө жана Роспотребнадзорго жаңы коронавирустук инфекциянын мындан ары жайылып кетпөөсүнө  каршы иш-аракеттерде көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылыгын билдирет.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-21-martynda-rospotrebnadzor-10-mi-adamda-anyktoochu-test-sistema-komplektisin-sunushtady



Добавить комментарий