Тонналаган ун жана кесме. Кыргызстандын кайсы аймагы кандай жардам алды - Толук тизме

21 апрель 2020 14:14 973 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өлкө аймактарында 2020-жылдын 21-апрелине карата калктын аярлуу катмарына бир топ жардам берилди. Алар аймактарга кандай бөлүштүрүлгөнүн Өкмөттүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди. 

Бишкек шаары

Бишкек шаары боюнча 44 977 муктаж үй-бүлөгө жардам катары  482,2  т ун, 55,3 т макарон, 46865 литр өсүмдүк майы, 53,5 т күрүч, 56,3 т кумшекер,  4247,2 кг чай, 19492 кг бурчак, 3625 кг гречка, 9477 кг китлап, 402 кг эт, 250 банка коюлтулган сүт, 3 418 кг картошка, 372 пачка бульон берилди.     Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 3 327 584 сомду түздү. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 55 аралыкта текшерген термометр, 75980 бет кап, 36303 кол кап, 1250 литр антисептик, 379 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдары (көп жолу кийилет), 2796 даана коргоо костюмдары (бир жолу кийилет), 7000 даана бут кап (бахилы), 9500 даана шпатель берилди.

Ош шаары

Шаар боюнча муктаж 27248 үй-бүлөгө жардам катары 295т ун, 11 700 кг макарон,  21 800 л өсүмдүк майы, 5 500 кг күрүч, 4 700 кг кумшекер, 800 кг эт, 41 200 кг картошка берилди.

Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 15 125,8 миң сомду түздү. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  4,7 т хлор, 133 514 даана беткап, 2 615 л антисептик, 9 003 даана коргоо костюмдары, 32 430 даана кол каптар берилди.

Ош облусу

Облус боюнча муктаж болгон 64 миң 521  үй-бүлөгө жардам катары 2 723,5 т ун таркатылды.   Кыргыз Республикасынын Мамлекетттик резервдер фондунан 1248 т ун бөлүнгөн. Мындан сырткары, 26 688 кг макарон,  95736 л. өсүмдүк майы, 36 т 876 кг күрүч, 11 419 кг кумшекер, 5 475  кг эт, 21 т 700  кг   картошка берилди. Анын ичинен жеке тараптардан 39 711 үй-бүлөгө, материалдык резерв фондунан 24 810 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Облуста чогулган  финансылык жардамдын жалпы суммасы 829 146 сомду түздү.  Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  12т 360 кг хлор, 231 488 даана беткап, 1540 л антисептик, 3339 даана коргоо костюм   378 080 даана кол каптар, 8 тепловизор берилди. Ноокат жана Алай райондорунун ооруканаларына бирден   медициналык тез жардам автоунаалары берилди. Кара-Суу районуна бир ИВЛ аппараты, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына да бир ИВЛ аппараты берилди.

Чүй облусу 

Чүй облусу боюнча муктаж 6538 үй-бүлөгө жардам катары 144000 кг ун, 6339 кг макарон, 9607 литр өсүмдүк майы, 7979,5 кг күрүч, 8636,5 кг кумшекер, 31 кг эт, 416 кг картошка таркатылды. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 2887кг хлор, 31485 даана маска жана распираторлор, 764 даана коргоо костюмдары, 6106 даана кол кап, 194 даана атайын көз айнек, 13003 л. антисептиктер, 9 даана тепловизор/термометр жана 195 даана башка медициналык каражаттар таркатылды.

Жалал-Абад облусу

Облус боюнча жардамга муктаж 58412 үй-бүлөгө жардам катары 2071,49т ун, 22198 кг макарон, 44396 л өсүмдүк майы, 14524 кг күрүч, 7591 кг кумшекер, 2000,6  кг эт, 32423 кг картошка берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы   11 436 930 сомду түздү.  Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  22 231 т хлор, 294 926 даана беткап, 9457 л антисептик, 4127 даана коргоо костюмдары, 25972 даана кол каптар,1030 даана термометр берилди. Жалал-Абад шаарынын жергиликтүү бюджетинин эсебинен  1 млн сом акча каражаты жана 5 т ун – облустук клиникалык ооруканасынын медициналык кызматкерлерине, ал эми шаардык ички иштер бөлүмүнө 2 млн сом акча каражаты тапшырылган.

Баткен облусу

Облус боюнча муктаж 12549 үй-бүлөгө жардам катары 938,5 т ун, 11073 кг макарон,  29264 л өсүмдүк майы, 4269 кг күрүч, 4115 кг кумшекер, 1493 кг эт, 2765 кг картошка берилди.

Облуста  финансылык жардамдын жалпы суммасы 4 млн  411 миң сомду түздү. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө  5,9 т хлор, 93537 даана беткап, 1885 л антисептик, 1678 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол каптар берилди.

Ысык-Көл облусу

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө  жардам катары 517 т 490 кг  ун, 3 т 650 кг макарон,  18 112 л өсүмдүк майы, 8 т 370 кг күрүч,  11 т 346 кг кумшекер, 1 т 720 кг эт, 9 т 100 кг картошка берилди. Жалпысынан 17 миң 906 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.  Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө   8471 кг жана 2320 литр хлор, 105 миң 475 даана бет кап, 3240 л нтисептик, 2 миң 700 даана коргоо костюмдары, 167 миң 388 түгөй даана кол кап берилди.

Нарын облусу

Облус боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 468 т ун, 12 т 348 кг макарон, 20 138 литр өсүмдүк майы, 3 т 607 кг күрүч, 7 т 704 кг кумшекер, 1218 кг эт, 451 кг чай жардам берилди. Жалпысынан 11150 үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 215 500 сомду түздү. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 906 литр жана 40 кг хлор, 93 986 даана бет кап, 1 422,5 литр антисептик, 430 даана кол кап берилди. Жергиликтүү жеке ишкерлер тарабынан Нарын шаарындагы медицина кызматкерлерине 180 кап ун, 180 кап макарон, 180 даана 5 литрдик өсүмдүк майы жардам катары берилди. 

Талас облусу

Муктаж үй-бүлөлөргө  жардам катары 272 т ун, 5197 кг макарон,  4724 л өсүмдүк майы, 5520 кг күрүч, 1542 кг кумшекер, 998 кг эт, 100 даана чай берилди. Жалпысынан 7109 үй-бүлөгө көмөк көрсөтүлдү.  Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн 340 миң сомду түздү. Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7,8 т хлор 83800 даана бет кап, 1643 л антисептик, 820 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол кап берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-21-apreline-karata-kalktyn-ayarluu-katmaryna-berilgen-zhardamdar-tuuraluu-maalymat



Добавить комментарий