Өлкө боюнча коменданттык саатты 93 киши бузду

18 апрель 2020 09:00 1273 Barometr
Бөлүшүү:
ok

18-апрелге карата өлкө аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын, Нарын облусунун Наарын шаарынын жана Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 93 жаран жеткирилип, 8 автоунаа атайын жайга токтотулду.  Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Алардын ичинен:

Бишкек шаары боюнча – 74,

Жалал-Абад шаары боюнча – 5,

Ош шаары боюнча-6,

Ат-Башы району боюнча -5,

Кара-Суу району боюнча -3,

Ал эми, Нарын шаары, Ноокат жана Сузак райондорунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2798 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен коё берилди.

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Ссылка: https://barometr.kg/2020-zhyldyn-18-apreline-karata-93-zharan-zhetkirildi



Добавить комментарий