Коррупция менен күрөшүүдө былтыр Кыргызстандын рейтинги жакшырган

27 январь 2020 11:40 710 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2019-жылы Кыргызстан коррупцияны кабылдоо индексинде 6 пунктка позициясын жакшырткан. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Ага ылайык, аталган индекс боюнча рейтингде Кыргызстан 2018-жылы 132-орунда болсо, 2019-жылы 126-орунга чыккан.

Мындай жыйынтыкка өкмөттүн сот-укуктук реформаларды өткөрүү аракеттеринен, андан сырткары пробация, медиация институттарынын түзүлүшүнөн улам келген.

Ошондой эле, "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке кириши да өзүнүн жакшы таасирин берген.

Абылгазиев андан сырткары президент Сооронбай Жээнбеков дагы коррупция менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыз кылуу боюнча өкмөткө так милдеттерди койгонун белгиледи. Өкмөт башчы мындай милдет экономикалык максаттан улам коюлганын айтты. Себеби бүгүнкү күнү, көмүскө экономиканын деңгээли дагы эле жогору бойдон калууда, болжол менен 130 миллиард сом, бул ички дүң продукциянын 23,6 пайызына барабар.

Ссылка: https://barometr.kg/2019-zhyly-kyrgyzstan-korrupciyany-kabyldoo-boyuncha-djnlk-rejtingde-abalyn-zhakshyrtkan



Добавить комментарий