2017-жылы 9714 бала тогузунчу классты бүткөн боюнча билимин уланткан эмес

16 январь 2019 16:14 938 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда окуучулар тогузунчу классты бүткөндөн кийин милдеттүү түрдө кесиптик лицейлерге же професионалдык техникумдарга тапшырышы керек. Болбосо кайра барып мектептен билимин улантышы керек. Бул тууралуу бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында талкууланды. 

Депутат Бактыбек Райымкулов  тогузунчу классты бүткөндөн кийин эгерде көпчүлүк окуучулар окууларын таштап койсо, анда сырттан окуткан мектептерди жабыш керек деген сунушун киргизди. 

Билим берүү министрлигинин берген маалыматына ылайык, 2017-жылда 9714 бала тогузунчу классты бүткөн боюнча билимин уланткан эмес. Буга депутат Махабат Мавлянова эмне себептен билимин улантпай калгандарын изилдеп чыгуу керектигин тапшырды. Анткени, ар кандай себептер, акча каражатынын жетишсиздиги же болбосо күйөөгө чыгып кеткендер дагы болот. Тогузду бүтүп сөзсүз улантыш керек деген мыйзамды чыгарардын алдында алардын шарттарын дагы карап көрүшүбүз керек деди депутат айым.


Ссылка: https://barometr.kg/2017-zhyly-9714-bala-toguzunchu-klassty-btkn-boyuncha-bilimin-ulantkan-emes



Добавить комментарий