20 жыл бою пенсия аларын билбеген киши ири суммадагы акчага ээ болду
Англиянын Йоркшир графствосунун тургуну 140 миң фунтка (13,6 миллион сом) ээ болду. Себеби ал пенсияга чыккандан кийин 20 жыл бою ага пенсия чыгып жатканын билген эмес..
Daily Star басылмасынын жазышынча, 80ге таяп калган абышка ал пенсия албайм деп ойлоп келген. Анткени ал пенсияга чыккандан кийин да 20 жыл бою иштеген.
Жергиликтүү кеңеш анын атынан сурам жөнөткөн. Келген жооп бардыгын таң калдырган. 80 жаштагы тургун 20 жыл бою пенсиясын албагандыктан чогулган акча 140 миң фунтка жеткен.
“Жаран дагы деле болсо иштеп жатат. Ал пенсияга чыккандан кийин пенсиясын да алып, айлыгын да алып иштесе болорун билген эмес”, — деп жергиликтүү кеңештин мүчөсү Майкл Грэхем билдирди.
Ссылка: https://barometr.kg/20-zhyl-boyu-pensiya-alaryn-bilbegen-kishi-iri-summadagy-akchaga-ee-boldu
Добавить комментарий ×