20 жаштагы сулуу кыз токол болуш үчүн чөнтөгү калың бизнесменди издеп жатат
Казакстандын Нур-Султан калаасындагы университетте сырттан окуу бөлүмүндө окуган 20 жаштагы Калемкаш аттуу кыз бай адамга турмушка чыга турганын жарыялады. Бул тууралуу sn.kz булагы маалымдады.
“Мен узун бойлуу, сулуу кызмын. Байлыкка чалкып өмүр сүргүм келет. Кедей деген сөздү көп уктум. Эжелеримдин кийимин кийип чоңойдум, эч качан жакшы кийинген эмесмин, апамдан бөлүнүп чыгып, убайымсыз, түйшүксүз өмүр сүргүм келет”,-деди кыз.
Ал ошондой эле жашоосун каржылаган бай адам чыкса токол болууга даяр экенин айтты.
“Өзүм менен тең жигитке турмушка чыккым келбейт. Жомоктогудай өмүр сүрүүгө шарт түзгөн адамды тапкым келет”,-дейт Калемкаш.
Кыздын бул пикирине ар кандай сөздөрдү жазып талкууга алышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/20-zhashtagy-suluu-kyz-tokol-bolush-chn-chntg-kaly-biznesmendi-izdep-zhatat
Добавить комментарий ×