2-июлда Жерде Күн толук тутулат
Бөлүшүү:
2-июлда астрономиялык кубулуштардын бири - Күн тутулуу болот. Бул тууралуу news.com. кабарлады.
Күндүн толук тутулушунун узактыгы 4 мүнөт 33 секундага созулат.
Анын толук тутулганын Түштүк Африкадан, Тынч океандын түштүк-чыгыш бөлүгүнөн көрүүгө болот.
НАСА берген маалыматка таянсак, жарым-жартылай күн тутулууну Аргентина, Чили, Эквадор, Перу, Боливия, Парагвай, Уругвай, Колумбия, Бразилия, Венесуэла жана Панамадан байкоого мүмкүндүк түзүлөт.
Баардыгы болуп 2019-жылы үч ирет Күн тутулуп, эки жолу Ай тутулмакчы. Биринчи Күн тутулуу 6-январда, ал эми Ай тутулуу 21-январда болгон.
Эми 16-июлда Айдын тутулушу күтүлүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/2-iyunda-zherde-kn-toluk-tutulat
Добавить комментарий ×