2-апрелден тартып Токтогул көчөсүндө жол кыймылы жабылат

2 апрель 2019 12:26 1055 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2-апрелден тартып Токтогул көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн тартып Шевченко көчөсүнө чейинки аралыгы жабылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Жолдун жабылышы “Юнис Курулуш” компаниясы тарабынан жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштерине байланыштуу болуп жатат.

Оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын 30-майына чейин созулат.

Бишкек мэриясы айдоочулардан унаа тыгындарына калбаш үчүн бара турган каттамдарды алдын ала пландоону өтүндү.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/2-aprelden-tartyp-toktogul-kchsnd-zhol-kyjmyly-zhabylat



Добавить комментарий