Кыргызстандагы согуш ардагерлери Жеңишке 75 жыл медалы менен сыйланат - сүрөт

6 май 2020 15:15 1056 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын шаарлары менен райондорунда аскер комиссариаттары менен биргеликте жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан gрезиденттин атынан Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды, ошондой эле ооруктун эмгекчилерин «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлоо иштери башталды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Ошол эле маалда ардагерлер менен ооруктун эмгекчилерине Россия Федерациясынын Президентинин атынан «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы тапшырылат.

Россия тараптын аталган медалды уюштуруу жана жасап чыгуу демилгеси 2018-жылдын 28-сентябрында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын кеңешинин чечими менен бекитилген. Медаль жалпы КМШ аймагына бирдиктүү болуп саналат.

Эске салсак, 30-апрелде президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы өкмөт менен биргеликте Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жана аларга теңештирилген адамдарды «1941-1945–жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңишке 75 жыл» мааракелик медалы менен сыйлоону ишке ашырат.

Кыргызстанда сыйлана турган согуш ардагерлеринин (согуштун катышуучулары, майыптар, концлагерлердин жашы жетпеген туткундары жана Ленинград блокадачылары) жалпы саны 234 адам.

Ошоной эле 1769 ооруктун эмгекчилери сыйланат.

Ссылка: https://barometr.kg/1941-1945zhyldardagy-uluu-ata-mekendik-sogushtagy-zheishke-75-zhyl-maarakelik-medaly-menen-syjloo-ishteri-bashtaldy



Добавить комментарий