19 жаштагы селки кыз белгисин 2 миллионго баалап сатыкка койду

5 апрель 2019 21:58 44670 Barometr
Бөлүшүү:
ok

19 жаштагы казак кызы Айнур Жаныбекова өзүнүн кыздык белгисин сатыкка чыгарды. Бул тууралуу селки Казакстандын 7-каналындагы  “Өз оюм” деп аталган берүүдө айттып чыкты.    

Айнуранын айтымында, ал социалдык түйүндөгү баракчасына бул тууралуу жарыя жазып калтырган.

Кыз жигиттин өңү-түсү маанилүү эмес экенин кошумчалап, жаш курагы 25 жаштан 60 жашка чейин болсо жетиштүү деген талаптарын койгон.

“Элдин пикиринде бул акылга сыйбаган иш. Мен сиздерге айтарым баарыңыздар бул уят иш деп отурасыздар. Бирок мындай көрүнүш биздин коомдо бар. Курбум 2 миллион теңгеге сатып, кийин медицинанын жардамы менен калыбына келтирип алды. Акчасы чөнтөгүндө калды. Мен да кандай болот экен деп ойлоп көрүп ушундай чечимге келдим. Азыркы заманда анын кимге кереги бар эле”,-деп айтты Алмата шаарынын тургуну.

Жаш селки жазган жарыядан кийин 60 эркек ага кат жазган.

“Башында 1 миллион теңге деп жазгам, суроо-талап көп болгон соң 2 миллион теңгеге кымбаттатым. Дагы суроо-талап болсо баасын жогорулатайын деген оюм бар. Мен азыр контракт менен окуйм. Окуумдун акчасын төлөө кыйын. Бул акчага салон ачсам дейм”,- деп пландарын көрүүчүлөргө жарыялады казак кызы.

Белгилей кетсек, Айнур Жаныбекова Алматадагы университтердин биринде филалогия факультетинде окуйт. Ата-энеси ажырашып кеткен.

Айнурдун бул аракетин кандай ойлойсуз, сатыкка же аукционго койгон жаманбы?

Ссылка: https://barometr.kg/19-zhashtagy-selki-kyz-belgisin-2-milliongo-baalap-satykka-kojdu



Добавить комментарий