18-апрель: көп аймактарда күн ачык болот
18-апрелде Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Тоолуу райондордо жаан карга айланат, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16:
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз 18…23;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 5…10 күндүз 21…26;
Ысык-Көл, Нарын облустарында түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз 5…10 градус жылуу болот.
18-апрелде Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 16…18° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/18-aprel-kp-ajmaktarda-kn-achyk-bolot
Добавить комментарий ×