"16 бала бычактан жаракат алды". Кытайда киши бала бакчага кол салды
Бөлүшүү:
Кытайдын Гуанси-Чжуан автономдуу районунда бир киши бала бакчага кол салды. Бул тууралуу Кытайдын Борбордук телеканалы билдирген маалыматка шилтеме берип “Барометр” маалымдайт.
Окуя кече, 28-апрелде Бейлю шаарында жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:00 чамасында болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 16 бала жана эки тарбиячы бычактан жаракат алышкан, эки баланын абалы оор.
Милиция кылмышка шектүүнү кармаган. Ал эмнеден улам бала бакчага чабуул жасаганы азырынча айтыла элек.
Ссылка: https://barometr.kg/16-bala-bychaktan-zharakat-aldy-kytajda-kishi-bala-bakchaga-kol-saldy
Добавить комментарий ×