15 жылга чейин камалат. Өзбекстанда 18 баланын өлүмүнө себеп болгон дарыны саткандар кармалды

28 декабрь 2022 14:20 1762 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сасык тумоого каршы индиялык дарыдан 18 бала каза болгондон кийин Өзбекстанда кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Сасык тумоого каршы «Док-1 Макс» дарысын ичкен 18 баланын өлүмүнөн кийин «Курамакс Медикал» (дарыны импорттоочу) жана «Дарыларды стандартташтыруу илимий борбору» ЖЧКсынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголгон. 

 
"Күчтүү заттарды камтыган дары-дармектерди рецепт боюнча чекене сатуунун тартибин бузуу" деген берененин негизинде кылмыш иши козголгон. 

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында буга чейин дары-дармек алып келген компаниянын кызматкерлери кармалган. Бул берене боюнча эң жогорку жаза 15 жылга эркинен ажыратылат.  

Ссылка: https://barometr.kg/15-zhylga-chejin-kamalat-zbekstanda-18-balanyn-lmn-sebep-bolgon-sasyk-tumoogo-karshy-daryny-satkandar-karmaldy



Добавить комментарий