15-майда Кыргызстандын кээ бир аймактарында жаан жаайт
15-майда Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка шилтеме кылып “Барометр” билдирет.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда +19…+24°;
Талас облусунда +19…+24°;
Баткен облусунда +22…+27°;
Ош, Жалал-Абад облустарында +22…+27°;
Ысык-Көл облусунда +13…+18°;
Нарын облусунда +13…+18°;
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы +22…+24° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/15-majda-kyrgyzstandyn-kee-bir-ajmaktarynda-zhaan-zhaajt
Добавить комментарий ×