13-мартта Кыргызстанда жаан, кар жаашы күтүлөт

13 март 2021 09:22 1755 Barometr
Бөлүшүү:
ok

13-мартта Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +4…+9°;

Талас облусунда +6…+11°;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +12…+17°;

Ысык-Көл облусунда +8…+13°;

Нарында +5…+10°;

Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы +6…+8° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/13-martta-kyrgyzstanda-kar-zhaan-zhaashy-ktlt



Добавить комментарий