13 өлкөнүн арасында кыргыз спортчулары медалга илинбей калышты

19 ноябрь 2018 14:15 1429 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында 18-ноябрда бильярд боюнча командалар арасындагы Дүйнө чемпиондугу жыйынтыкталды. Бул мелдешке 13 өлкөнүн спортчулары катышып, байгелүү орундар үчүн күч сынашты.

Кыргыз өлкөсүнөн бул мелдешке 3 команда катышкан. Анда "КGZ-1" командасына Дастан Лепшаков менен Азиз Мадаминов кирсе, "КGZ-2" командасына Зайлан Адамов менен Канат Сыдыков жана "КGZ-3" командасына Арсен Каленбаев менен Ызат Ратбеков кирди.

Мелдештин жыйынтыгында Дастан Лепшаков менен Азиз Мадаминов 14-орунду ээлесе, Зайлан Адамов менен Канат Сыдыков 15-орунду ээлешти. Ал эми Арсен Каленбаев менен Ызат Ратбеков мелдеште бир дагы жеңишке жетпей акыркы орунда жайгашты.

Ссылка: https://barometr.kg/13-lknn-arasynda-kyrgyz-sportchulary-medalga-ilinbej-kalyshty



Добавить комментарий