12 жаштагы Кыргызстандык Нурболот "Удивительные люди" шоусунда көрүүчүлөрдү таң калтырды
26-октябрда Кыргызстандык окуучу Нурболот Исматиллаев “Россия -1” телеканалындагы “Удивительные люди” шоусуна катышып, көпчүлүктү таң калтырды. Бул тууралуу Нурболоттун мугалими "Барометрге" билдирди.
Нурболот 12 жашта. Ал менталдык арифметика менен алектенет. Былтыр менталдык арифметика боюнча “Central Asia’s Got Talent” шоусуна катышкан.
Ал “интеллект” окуу борборунун окуучусу. Жогорудагы программага аталган окуу борбордун мугалимдери алып барган.
“Биздин билим берүү борбордун окуучусу Исматтиллаев Нурболот “Россия – 1” телеканалынын "Удивительные люди" программасына катышып, менталдык арифметика жана спорт стекингде өзүнүн жөндөмүн көрсөттү. Ал жогорку деңгээлде мыктылыгын далидей алды”, - деди Нурболоттун мугалими Анара.
Көрсөтүүдө Нурболот берилген тапшырманы чечүүгө дароо жетишкен жок, бирок ошого карабастан залда отургандардын бардыгын таң калтырып, туура эсептеди.
Нурболотту аталган окуу борборго апасы үч жыл мурун алып келген. Бул жылдар аралыгында мыкты жетишкендиктерге жетишип, бир канча эл аралык олимпиадаларга катышкан.
Ал Бишкек шаарындагы №68 мектеп-гимназияда 7-класстын окуучусу.
Нурболот өзгөчө акыл таймашы болгон спорт стекинг боюнча Сингапурга жолдомо алган, бирок, пандемияга байланыштуу кийинки жылга жылдырылган.
Добавить комментарий ×