12-ноябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жаан жайт

12 ноябрь 2020 08:44 1068 Barometr
Бөлүшүү:
ok

12-ноябрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок жана тайгак болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +6-11°

Талас облусунда +5-10°

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +7-12°

Ысык-Көл облусунда +7-12°

Нарын облусунда +6-11°

Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы +8-10° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/12-noyabrda-kyrgyzstandyn-kpchlk-ajmaktarynda-zhaan-zhajt



Добавить комментарий