12-март: абанын температурасы +15 градуска чейин жогорулайт
12-мартта күндүз Ош жана Баткен облусунун тоолуу райондорунда жамгыр жаайт.Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматы кабарлады.
Түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Тоолуу аймактарда жолдорго муз тоңот, кар көчкү түшүү ыктымалдыгы бар. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...+4, күндүз +10…+15,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...+3, күндүз +10…+15,
Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 0...+5, күндүз +10...+15,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -1…-6, күндүз +5…+10,
Нарын областында түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…+5 градус болот.
12-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн +1…+3, күндүз +13…+15 градус жылыйт.
Ссылка: https://barometr.kg/12-mart-abanyn-temperaturasy-15-graduska-chejin-zhogorulajt
Добавить комментарий ×