27-март: тоолуу райондорго жаан жаайт

27 март 2019 09:14 866 Barometr
Бөлүшүү:
ok

27-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектериңде жаан жаап, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн, өрөөндө жаан болбойт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 15…20,

Талас жергесинде түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21,

Ысык-Көл областында түнкүсүн 0…5, күндүз 13…18,

Нарын аймагында түнкүсүн -3…+2, күндүз 12…17 градус болот.

27-мартта Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы борбор калаада түнкүсүн 8…10, күндүз 17…19 градусту түзөт.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/27-mart-tooluu-rajondorgo-zhaan-zhaajt



Добавить комментарий