12-апрель: тоолуу райондордо кар жаайт
12-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан жаайт, айрым жерлерде күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этекеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 6…11, күндүз 14…19,
Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 13…18,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 5…10, күндүз 12…17,
Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22,
Нарында түнкүсүн 4…9, күндүз 13…18,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4 градус болот.
Бишкекте түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан жаайт, түштөн кийин жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9°, күндүз 17…19° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/12-aprel-tooluu-rajondordo-kar-zhaajt
Добавить комментарий ×