11 күн болду. “Семенов – Тянь-Шаньский" чокусуна чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткан турист изделүүдө

25 июль 2023 13:48 856 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Семенов – Тянь-Шаньский" чокусуна чыгып кеткен бойдон 11 күндөн бери дайынсыз болуп жаткан турист изделүүдө. Бул тууралуу ӨКМнын маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Бүгүн, 25- июлда Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Ала-Арча капчыгайындагы "Семенов – Тянь-Шаньский" чокусуна чыгып, дайынсыз болгон адамды  ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун "Эдельвейс"  тоодо куткаруу кошуунунан  8 куткаруучу издеп жатышат.

Эске салсак, 2023-жылдын 14-июль күнү аталган чокуга чыккан 32 жаштагы К.С. аттуу чет өлкө жараны дайынсыз болуп жаткандыгын туугандары билдиришкен.

“ӨКМге түшкөн билдирүүдөн улам куткаруучулар тоодо куткаруу, издөө иштерин тынымсыз улантышууда”, -деп жазылат министрликтин маалыматында. 



Ссылка: https://barometr.kg/11-kndn-beri-semenov-tyan-shanskij-chokusuna-chygyp-ketken-bojdon-turist-dajynsyz-bolup-izdeld



Добавить комментарий