10 жылдан бери издөөдө жүргөн кыргыз жараны Россиядан табылды (Сүрөт)
2010-жылдан бери издөөдө жүргөн кыргыз жараны Россиядан табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматына шилтеме берип «Барометр» билдирет.
КРнын Укук коргоо органдарынан изин жашырып Россия Федерациясынын аймагында издөөдө жүргөн жарандарды кармоо боюнча иштер уланууда.
КР ИИМдин РФдеги өкүлчүлүгү Москванын укук коргоо органдары менен биргеликте көрүлгөн чаралардын натыйжасында 2010-жылдан бери издөөдө жүргөн жаран аныкталды.
«Ал Кыргызстандын жараны, Баткен облусунун 1970-жылы туулган К. Д. аттуу тургуну болуп чыгып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 166-беренесинин 2-бөлүмүндө (ири көлөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча Баткен шаардык ИИБ тарабынан издөөдө жүргөн, - деп айтылат маалыматта.
Кылмышка шектүү жаранды Кыргызстандын аймагына алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Россиянын элчилиги менен биргеликте “Москва-Бишкек” каттамы боюнча жөнөтүү маселеси чечилди.
Ссылка: https://barometr.kg/10-zhyldan-beri-izdd-zhrgn-kyrgyz-zharany-rossiyadan-tabyldy-srt
Добавить комментарий ×