10 жаштагы Нурмухаммед Россиянын "Я почти знаменит" долбоорунан рекорд койду (видео)

2 март 2021 10:26 3883 Barometr
Бөлүшүү:
ok


10 жаштагы кыргызстандык Нурмухаммед Ташмаматов Россиянын "Биринчи каналы" уюштурган "Я почти знаменит" долбооруна Кытайда көп колдонулган нунчактын жардамы менен өз өнөрүн көрсөттү. Ал бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра уруп рекорд койду. Бул тууралуу Interrecord эл аралык агенттигинин сайтына жарыяланган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Кыргызстандык өспүрүм бир мүнөттүн ичинде теннис столунун үстүндө нунчак менен 49 ирет топту тосуп кайра урганга жетишкен.

"Интеррекорд" эл аралык агенттиги расмий түрдө кичинекей Нурмухаммеддин рекордун каттады. Ага сертификатты агенттиктин башкы директору Влад Копылов тапшырды.

"Я почти знаменит" долбоору ушул жылдын башында Биринчи каналда жаңы шоу катары ачылган. Ар бир катышуучуга калыстардын алдында өзгөчө жөндөмдөрүн көрсөтүүгө бирден мүмкүнчүлүк берилет. Калыстын милдетин Николай Цискаридзе, Алексей Ягудин жана Жанна Бадоева аткарышууда. Ар бир тандоо турунда 11 катышуучу финалга чыгуу үчүн ат салышат. Долбоордун башкы байгеси 3 миллион рубль болору маалым болду.

Кыргызстандык өспүрүм үч жашынан бери  Брюс Лини кумир тутуп, каратэ менен машыгып, кызгылт сары курга (оранжевый пояс) ээ болгон. Буга чейин ал "Биринчи каналдагы" Максим Галкиндин шоусуна, ошондой эле, Украинанын "Круче всех” теледолбооруна катышып, көрүүчүлөрдү кубандырган.


Ссылка: https://barometr.kg/10-zhashtagy-nurmuhammed-rossiyanyn-ya-pochti-znamenit-dolboorunan-rekord-kojdu-video



Добавить комментарий