10-февралда Кыргызстанда кар жаайт

10 февраль 2021 08:49 578 Barometr
Бөлүшүү:
ok

10-февралда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу “Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +3…+8°;

Талас облусунда +4…+9°;

Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +11…+16°;

Ысык-Көл облусунда +2…+7°;

Нарын облусунда  0…-5°;

Бишкекте жаан жаайт. Абанын температурасы +6…+8° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/10-fevralda-kyrgyzstanda-kar-zhaajt



Добавить комментарий