1-сентябрдан бери Казакстанда 104 мектеп окуучусу коронавирусту жуктуруп алышты

30 сентябрь 2020 11:31 636 Barometr
Бөлүшүү:
ok

1-сентябрдан бери Казакстанда 104 мектеп окуучусу коронавирусту жуктуруп алган. Бул тууралуу Казакстандын Саламаттыкты сактоо министри Алексей Цойдун жергиликтүү ММКларга берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

"Окуу жылынын башынан бери мектеп окуучуларынын арасында коронавирустук инфекциянын 104 учуру катталды. Дистанциялык режимде окуп жаткан балдардын арасында 71 учур аныкталды", - деди Цой өкмөттүн жыйынында.

Ал белгилегендей, кадимки режимде мектепке барып окуу учурунда, байланыштардын саны кеминде 1500 адамга чейин көбөйүп, окуучулардын, мектеп кызматкерлеринин жана үй-бүлө мүчөлөрүнүн арасында оорунун өсүшүнө алып келиши мүмкүн.

"Ушуга байланыштуу, жергиликтүү бийлик санитардык-дезинфекциялоону, маска режимин, класстагы аралыкты жана башка белгиленген иш-чараларды COVID-19 профилактикасы боюнча билим берүү мекемелериндеги талаптардын так сакталышын камсыз кылышы керек", - деди Цой.

Ссылка: https://barometr.kg/1-sentyabrdan-beri-kazakstanda-104-mektep-okuuchusu-koronavirustu-zhukturup-alyshty



Добавить комментарий