Кесиптик кошуундар нааразычылыкка чыгышты
Бүгүн 7-октябрда Бишкекте Кесиптик кошуундар нааразычылык акциясына чыгышты. Алар Кесиптик кошуундар федерациясынын имаратынын алдына топтолушту. Катышуучулар буга чейин Жогорку Кеңеште каралып жаткан “Кесиптик кошуундар” боюнча мыйзам долбооруна каршы пикирлерин билдиришүүдѳ. Жалпысынан нааразычылыкка 150 дѳн ашык адам катышканы социалдык тармакта жарыяланды.
Алардын айтымында, эгер мыйзам кабыл алынса кесиптик кошуундардын өз алдынчылыгы жоюлуп, бир катар тоскоолдуктар жараларын белгилешет.
Мыйзамга ылайык, кесиптик кошуун - жарандардын ыктыяры менен түзүлгөн коомдук негиздеги көз каранды эмес бирикме.
Кесиптик кошуундар өз ишмердиги боюнча жумуш берүүчү тараптар менен мамлекеттик бийлик органдарына баш ийбейт. Бул уюмдардын каржылык ишмердигин Эсеп палатасы жылына бир жолу текшере алат.
Ссылка: https://barometr.kg/kesiptik-koshuundar-naarazychylykka-chygyshty
Добавить комментарий ×