«Керемет» банкын тоногондор кармалды (Сүрөт)

25 июня 2020 17:43 948 Barometr
Поделиться в:
ok

«Керемет» банкын тоногондор кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИБнын басма сөз кызматына таянып «Барометр» билдирет.

Маалыматка ылайык,  тоноого шектүү эки эркек киши кармалды, С.А. аттуу жаран 1975-жылы туулган жана А.Н. аттуу жаран 1983-жылы туулган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, тергөө иши башталды.

Кылмышка шектүүлөрдөн далил буюмдар табылды.

«Алардан макаров тапанчасы жана ПМнын травматикалык куралы, табылды. Мындан сырткары банкты тоноо окуясындагы видеодо көрсөтүлгөндөй алардан кара түстөгү спорттук булгаары баштык, жана кийимдери табылган. Аны менен катар балка, ачкыч ж.б. далилдүү буюмдар табылды», - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 12-июнда Бишкек шаарындагы "Керемет" банкы тонолду деген маалымат түшкөн. Анда беткапчан эки киши банкка курал менен кирип келип банктын кызматкерлерин, күзөтчүсүн коркутуп кассадан акчаны алып кетишкен. Банкка келтирилген чыгым 1 миллион 120 миң сомду түзгөн. Ушул эле кылмышкерлер «Престиж» акча которуу бюросун талкалап 70 миң сом уурдап кетишкен.

Кылмышкерлер дагы башка тоноо иштерине шектелүүдө.

«Бардык фактылар Кылмыштардын жана жоруктарлдын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки териштирүү иши жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/keremet-bankyn-tonogondor-karmaldy-srt



Добавить комментарий