Кенжи Мидори: Кыргызстанда каратэ’ни жайылтууга кызыкдарлык бар

25 октября 2019 17:04 2248 Barometr
Поделиться в:
ok

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков «Шинкиокушинкай» Дүйнөлүк каратэ уюмунун президенти Кенжи Мидори мырза менен жолугушту.

Бул тууралуу министрликтин маалымат департаменти кабарлады.

Тараптар Кыргызстанда каратэ’ни жайылтуу жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Япон тарабы бул максатта Кыргыз Республикасында биргелешкен машыгуулар, чемпионаттарды жана башка иш-чараларды уюштуруу актуалдуу болмок деген пикирин билдирди.

Министр Кыргыз Республикасынын кызыкдар түзүмдөрү менен биргеликте бул маселени иштеп чыгууга даярдыгын билдирди.

Тараптар талкууланган маселелер боюнча кеңешүүлөрдү улантууга макулдашты.

Ссылка: https://barometr.kg/kenzhi-midori-kyrgyzstanda-karateni-zhajyltuuga-kyzykdarlyk-bar



Добавить комментарий