Кенже Дүйшеева: "Менин жеке пикирим элдин жүрөгүндөгү дартты көбүрөөк ырдаса ошол маңыздуу деп эсептээр элем"

27 мая 2019 13:02 2020 2 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

“Кыз бурак” тобунун мурунку солисти, учурдагы жеке ырчы Кенже Дүйшееванын жаңы чыгармасы жарык көрдү. Ырчы бул тууралуу өзүнүн күйөрмандарына сүйүнчүлөдү.

“Жүрөктүн түпкүрүнөн жаралган чыгармалар же аткарылган ыр - ал дайыма элдин жүрөгүндө болот.
Албетте жылдар өткөн сайын, жаңыча жаңы муундар тарабынан аткарылып олтуруп, өз угармандарын дагы жаңы багытка үндөйт. Ырчы өз дүйнөсүн чагылдырган ырдан көрө, элдин жүрөгүндөгү дартты көбүрөөк ырдаса ошол маңыздуу деп эсептээр элем. Бул менин жеке пикирим. Ардактуу ыр сүйүүчу коом! Урматтуу ыр сүйүүчүлөр!
А сиздерге кандай темадагы ырлар көбүрөөк жагат?”, -деп суроо салды ырчы.

Ага кошумча Дүйшеева сөзү Ж. Турсунбаевге обону Өктөм Сапар уулуна таандык болгон “Аппак гүлдөр” чыгармасын аткарып чыкканын кошумчалады.

Ырчынын салган суроосуна көпчүлүк “Кенже ырларды мыкты тандайт” деген пикирлерин билдиришүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/kenzhe-djsheeva-menin-zheke-pikirim-eldin-zhrgndg-dartty-kbrk-yrdasa-oshol-mayzduu-dep-esepteer-elem



Добавить комментарий