Кенияда жол кырсыгынан 42 адам каза болду
Поделиться в:
Кенияда жол кырсыгынан 42 адам каза болду. Жергиликтүү басылмалар жазгандай, жүргүнчүлөрдү ташыган автобус оодарылып кеткен.
Кырсык бүгүн Керичо аймагынан алыс эмес жерде болгон. Күбөлөрдүн айтымында автобустун ичинде 67 адам болгон жана айдоочу башкаруусун жоготуп жолдун четиндеги дубалды сүзүп, аласалып кеткен.
Ал эми кенинирээк маалымат кийинчирээк берилээри айтылды. Айрым маалыматтарда каза болгондордун саны мындан да көбөйүшү мүмкүн.
Ссылка: https://barometr.kg/keniyada-zhol-kyrsygynan-42-adam-kaza-boldu
Добавить комментарий ×