Кенияда бегемот сүрөткө тартып жаткан туристти тиштеп өлтүрүп салды
Поделиться в:
Кенияда сүрөткө тартып жаткан туристти бегемот тиштеп өлтүрүп салды. Бул туурасында чет элдик маалымат кызматтары жазды. Окуя Кениянын борбор шаары Найробиден 58 чакырым алыстыкта жайгашкан Найваша көлүндө ишемби күнү болгон. Сүрөткө тартып жаткан 65 жаштагы Чан Мин жаныбар кол салгандан кийин ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми жанындагы коллегасы жеңил жаракат алып, дарыланууда.
Сурап-билүүдөн соң туристтердин Кытай жарандары экендиги такталды.
Маалыматка ылайык, бегемоттор Африкада жылына 500дөй адамды өлтүрөт.
Ссылка: https://barometr.kg/keniyada-begemot-srtk-tartyp-zhatkan-turistti-tishtep-ltrp-saldy
Добавить комментарий ×