Кеминде калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу көйгөйү жакында чечилет

10 сентября 2020 21:34 792 Barometr
Поделиться в:
ok

Кемин шаардык мэрия жана шаардык кеңеш  калкын таза суу менен камсыз кылууга чоң көңүл бурууда, анткени бул көйгөй Кемин шаарында гана эмес, жалпы Кыргыз Республикасында эң маанилүү көйгөйлөрдүн бири.

“Суу өмүр” сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси Кемин шаарын ичүүчү суу менен камсыз кылууга жооптуу.

Кемин муниципалитети “Суу-Өмүр” коомдук бирикмесин каржылоону үзгүлтүксүз жүргүзүп, терең суу соргучтарын кармоого керектелген электр кубаты үчүн төлөмдөрдү (жылына 500 миң сомдон ашык) төлөйт жана ушул насосторду капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрөт. “Суу-Өмүр”уюмунун кызматкерлеринин муктаждыктары үчүн жергиликтүү бюджеттен жүк ташуучу кичи автобус сатылып алынды, уюмдун имаратына керектелүүчү каражаттарга да жардамдар көрсөтүлдү.

Суу түтүгүнө туташтыруу иштери жүрүп жаткан учурда Кемин шаарынын жергиликтүү бийлиги жарандарга материалдык жардам көрсөтөт.

Мындан тышкары, Кемин районун өнүктүрүү фондунан спорт залдын курулушуна бөлүнгөн 10 миллион сомдон ашык суммадагы каражатты, ичүүчү суу көйгөйүнүн артыкчылыгын эске алуу менен, шаарды суу менен камсыздоо тутумун жакшыртуу үчүн бул каражаттарды багыттоо мүмкүнчүлүгү каралууда.

Бирок, ондогон жылдар бою суу менен камсыздоо тутумунда топтолгон көйгөйлөрдү талдап чыгып, Кемин шаардык кеңеши жана Кемин шаарынын мэриясы көйгөйдүн тереңдигин жана ичүүчү суу маселесин чечүү кыйынчылыгы татаал экенин талдап чыкты. Андыктан майда ремонт иштери, жеринде түтүктөрдү тартуу жана ушул сыяктуу иш-чаралар, бул маселени түп-тамырынан бери өзгөртө албайт деген чечим кабыл алышты. Жыйынтыгында баардык суу өткөрүүчү тутумдарды алмаштыруу зарылдыгы келип чыкты.

Жергиликтүү бюджеттен каражаттын жетишсиздигин эске алып, ичүүчү суу маселесин толугу менен чечүү максатында, сырттан каражат издөө чечими кабыл алынды.

Ошентип, 2019-жылы жалпы суммасы 6 миллион еврого "Кемин шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тутумун реабилитациялоого" долбоордук билдирме келип түшкөн, бул долбоор Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы тарабынан каржыланган.


Ссылка: https://barometr.kg/keminde-kalkty-ichch-taza-suu-menen-kamsyz-kyluu-kjgj-zhakynda-chechilet



Добавить комментарий