Кеминде үй-бүлөлүк дарыгелер тобунун жаңы имаратынын ачылышы болду

7 декабря 2020 11:06 518 Barometr
Поделиться в:
ok

Кеминде жаңы оорукананын ачылышы болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Чүй облусунун Кемин районунун Кемин шаарчасында «Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмеси тарабынан курулган Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имаратынын салтанаттуу ачылыш аземи болду. Аземге Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Кувейт  өлкөсүнөн келген коноктор катышты.

Жалпы аянты 240 м2 түзгөн Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты өзүнө 12 орундуктуу стационардык палаталарды жана ашкананы камтып, толук түрдө медициналык шаймандар менен жабдылып, гинекологиялык кресло, стоматологиялык аппарат жана керектелүүчү эмерек менен камсыздалган.

«Ас-Сафа Борбору» коомдук бирикмесинин кайрымдуулук иштерди алып баруусундагы негизги тармактардын бири “Саламаттык сактоо тармагы” болуп эсептелгендиктен, бирикме Кыргызстандын бардык аймактарында, айрыкча алыскы региондордогу калктын саламаттыгын сактоого өз аракетин жумшап келет.

Эске салсак, бирикме тарабынан өлкөнүн аймагында:

- 4 Төрөт үйү

- Эне жана баланы  коргоо улуттук борборунун дартты аныктоо, кеңеш берүү бөлүмүнүн 2 корпусу

-  30 фельдшердик-акушердик пункт (ФАП)

-  10 Үй бүлөлүк дарыгерлер тобу (ГСВ)

- мүмкүнчүлүгү чектелгендерге арналган эки стационардык корпус салынган. Аталган мекемелердин бардыгы заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылып, керектүү эмеректер орнотулуп, ишке берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/keminde-j-bllk-darygeler-tobunun-zhay-imaratynyn-achylyshy-boldu



Добавить комментарий