Кемин жаштары: "Алтынкен" ишканасы алтын кымбаттаса да мурдагы баа менен эсептешүүлөрдү жүргүзүүдө
2021-жылдын 26-февралында Кемин районун өнүктүрүү фондунун Байкоочу кеңешинин отуруму болуп өттү. Бул тууралуу “Барометрге” аталган өнүктүрүү фондунун төрагасы Кубатбек Мамыров билдирди.
Кемин районун өнүктүрүү фондунун отурумунда төмөнкү суроолор көтөрүлдү:
Алгач, 2020-жылга отчет кабыл алынып, ал үчүн 41 долбоор жактырылды;
Экинчиден, Кемин районун өнүктүрүү фондунун кызматкерлеринин бюджети бекитилди;
Үчүнчүдөн, 2021-жылга карата долбоорлор алдын ала каралды.
Төрага Мамыров Кубатбек экономикалык абалды жакшыртууга, аймакта жумуш орундарын түзүүгө багытталган киреше алып келүүчү долбоорлорду колдоону улантууну сунуш кылды. Ошондой эле, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылууга байланыштуу долбоорлор.
Ошону менен катары эле, көптөгөн кайрылуулардын негизинде Кемин шаардык Кеңешинин төрагасы Кубатбек Мамыров «Алтынкен» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу суроолорду көтөрдү:
1. Кызматкерлердин эмгек акысын көтөрүү зарылдыгы жөнүндө;
2. Кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу зарылдыгы жөнүндө.
Мындан тышкары, Кемин шаарынын муктаждыктары үчүн каражат бөлүү зарылдыгы жөнүндө маселе көтөрүлдү, анткени Кемин шаары облустун борбору болгондугуна карабай Орловка шаары менен Кызыл-Октябрь айылынан айырмаланып, бюджети төмөн, болгону 4 миллион сомго жакын.
Ал эми, акыркы суроо, дүйнөлүк рынокто алтындын наркы жогорулаганына карабай Кеминдеги “Алтынкен” ишканасы дагы да болсо Кемин шаарынын өнүктүрүүгө мурунку эле баада эсептешүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы болду. Фонддун адистерине бул көйгөйдү чечүү, мындай эсептөөлөрдүн мыйзамдуулугун текшерүү тапшырмасы берилди.
Жолугушуунун протоколунун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровго жөнөтүлөт.
Добавить комментарий ×