Кемин районундагы “Алтынкен” компаниясы футбол боюнча турнир өткөрдү

8 сентября 2018 23:09 1839 Barometr
Поделиться в:
ok

Кемин районундагы “Алтынкен” компаниясы эгемендүүлүккө карата чакан футбол боюнча алгачык жолу турнир өткөрдү.

Аталган компания муну менен Кеминдин жергиликтүү тургундары менен биримдик, тынчтык жана биримдикти сактоо максатында уюштурулганын айтат. 

Уюштуруучулар билдиргендей, иш-чаранын негизги максаты - коомчулук менен байланышты күчөтүү жана жергиликтүү коомчулук менен ынак мамиледе болуп достук жана ынтымакты күчөтүү. 

Тажрыйба көрсөткөндөй, жергиликтүү коомчулуктун, ошондой эле узак мөөнөттүү өнөктөштүк түзүү жана бекемдөө, ачык-айкындуулук, калыстык жана өз ара сый мамилени сактоо.

Аталган компания бул оюнга байгеге 100миңден ашык акча койгон. 

Жергиликтүү жашоочулар, жаштар, райондук жана жергиликтүү кеңештин депутаттары бул демилгени колдоого алышты. 

Турнир 10 командага бөлүндү. Эки команда “Алтынкен” компаниясынан бир команда Кемин шаарынын шаардык кеңешинин депутатынан жана ошондой эле Кемин районунун мамлекеттик администрациясы, Кемин шаарынын жаштары, мэриянын командасы жана Орловка шаарынын, айыл өкмөтүнүн, Чым-Коргон жанан Жаңы Алыш айылдарынын командалары беттешти. 

Оюн жогорку деңгээлде өттү. Командалар бирине болгон достукту, ынтымакты, даңазалашты. 

“Алтанкен” компаниясы мындан ары дагы жергиликтүү бийлик, жана тургундар менен байланышты үзбөө максатында мындай иш чараларды өткөзүп туруну уланта берет.

Ссылка: https://barometr.kg/kemin-rajonundagy-altynken-kompaniyasy-futbol-boyuncha-turnir-tkrd



Добавить комментарий