Кыргызстандыкты 328 604 долларга алдап кеткен жаран Москвадан табылды
Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөө жүргөн жаран Москвадан аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.
2019-жылдын сентябрь айынын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгү Россиянын ИИМдин Москва шаарындагы аймактык түзүмүнүн бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте Кыргызстандын аймагында жасаган кылмыш иши үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаранды аныкташты.
Россия Федерациясынын Красноярск крайынын тургуну, 1969-жылы туулган Ю.Н. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренесинин 4-бөлүмүнүн 2,3-пунктарында (Кызматтык абалды пайдалануу менен өзгөчө ири өлчөмдө жасалган алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого айыпталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЭКККМКнын тергөөсүнөн жашырынып жүргөндүктөн издөөдө жүргөн.
Аталган жаран, 2016-жылы апрель айында ЖЧКнын биринин директору болгон учурунда башка ЖЧКменен чийки нефтини ташуу боюнча жалпы суммасы 328 604 АКШ долларына келишим түзүп, андан соң чийки нефтини алгандан кийин ЖЧКнын директору Ю.Н. келишимдин шарттарын аткарбастан, жашырынып кеткен. Ал өзүнүн иш-аракети менен ЖЧКга жалпы суммасы 22 696 400 сомду түзгөн материалдык чыгым келтирген.
Издөөгө алган тарап маалымдалып, 1993-жылкы Минск конвенциясына ылайык маселелер чечилип жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/kelishimdin-sharttaryn-atkarbastan-zhashyrynyp-ketken
Добавить комментарий ×